КМУда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча семинар өттү
Бүгүн, 6-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КРнын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеӊешинин башкы эксперт-консультанты Радик Шабданов коррупцияга каршы күрөшүү боюнча семинар өттү. Иш-чарага КМУнун Физика-математика факультетинин деканы Гүлзат Токонбекова, тарбия иштери боюнча координатор Жаркын Мырзабекова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Семинардын жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелер жана аларды алдын алуу жолдору боюнча маалыматтар берилди. Кесиптик жана укуктук принциптердин негизинде коррупцияны жоюу жана анын кесепеттерине каршы күрөшүү аракеттери талкууланды.