Blog Image

КМУда коррупцияга каршы кеңешме өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Коррупцияга каршыбыз" аталышында кеңешме өттү. Иш-чарага КМУнун жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров, курамдардагы тарбия иштери боюнча жооптуу кызматкерлер, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттик өкмөттүн мүчөлөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө университетте коррупцияга каршы жүргүзүлүүчү иштер тууралуу кеңири маалымат берилип, жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров окуу жайда коррупцияга каршы аракеттер жылдык иш-планга ылайык системалуу түрдө уюштурулуп, ар бир курамда жолугушуулар, тренингдер жана дебаттардын өткөрүлүшүн белгиледи. Ошондой эле, университетте "Маалымат кутучасы", "Коррупцияга каршы бурчу", "Университет без коррупции" аталышындагы долбоорлорду улантууну тапшырды.