КМУда коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясын” түшүндүрүү жана жеткирүү иш-чарасы өттү.
Иш-чарага КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик стратегиянын максаты, мааниси жана мазмуну тууралуу кенен маалымат берилди. Презентация аркылуу стратегиянын негизги аспекттери жана коррупция менен күрөшүү боюнча конкреттүү кадамдар талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында, коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны тааныштырган жана аны практикалык жактан колдонуу жолдорун аныктаган маанилүү сунуштар айтылды.
Иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулган.