Blog Image

КМУда "Коррупцияга каршыбыз" аталышында плакаттар сынагы өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде курамдар аралык "Коррупцияга каршыбыз" аталышында сынак өттү.

Сынактын негизги максаты өлкөбүздө жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөштү колдоо жана жаштар арасында коррупциянын кылмыш экенин түшүндүрүү болуп саналат.

Иш-чара жаштардын коомдук жоопкерчилигин жогорулатууга багытталып, жыйынтыгында Японтаануу институтунун студенттери жеңишке жетти.

Бул иш-чара жаштардын патриоттук сезимдерин бекемдеп, коррупцияга каршы күрөшүүдө өздөрүн активдүү көрсөткөнгө мүмкүндүк берди.

Иш-чара КМУнун Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмү тарабынан уюштурулду.