КМУда “Коррупциянын Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүнө тийгизген таасири” аталышында университеттер аралык илимий-практикалык конференция өттү
10-декабрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына арналган “Коррупциянын Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүнө тийгизген таасири” аталышында университеттер аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Конференциянын пленардык жыйынына «Айыл Банк» ААКтын талдоо жана колдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Элнура Алыкулова, «ИНТЕРФИНАНС» ЖЧКсынын директору Чолпон Кумашева, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев, юрист Чынара Кенпирбаева, Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн начальниги Назира Сагыналиева, Депозиттерди коргоо фондун башкаруу секторунун башкы адиси Айдай Бейшенова, Гуманитардык-педагогикалык колледжинин директорунун орун басары, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Максат Төлөев, Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин ага окутуучусу Шекер Сейдохматова катышты.
Конференцияга М.Рыскулбеков атындагы КЭУ, А.Токтоналиев атындагы БФЭТ, К.И. Скрябин атындагы КУАУнун колледжи, Б.Н.Ельцин атындагы КРСУ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кесиптик колледжи, И.Арабаев атындагы КМУнун инновациялык технологиялар колледжинин студенттери катышты.
Конференцияда улуттук экономиканын заманбап көйгөйлөрү талкууланып, катышуучулардын өзгөчө көңүлү КР экономикасынын мындан аркы өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген факторлордун бири катары коррупцияга бурулду.
Конференциянын жыйынтыгында студенттер коррупцияга каршы чараларды сунушташты.
Конференцияны И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмү уюштурду.