Blog Image

КМУда кош дипломдуулук программасы боюнча АлтМУда окуган магистранттарга дипломдор тапшырылды

30-май күнү И.Арабаев атындагы КМУда кош дипломдуулук программасы боюнча Алтай мамлекеттик университетинде окуган магистранттарга дипломдор расмий түрдө тапшырылды.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова, Алтай мамлекеттик университетинин Тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору Иван Назаров, Түрк дүйнөсү “Чоң Алтай” долбоорунун жетекчиси Юлия Лысенко, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору, магистранттардын консультанты Сынару Алымкуловалар катышып, Алтай мамлекеттик университетинде кош дипломдуулук программасы боюнча окуган кыргызстандык магистранттарга дипломдорун тапшырышты. Магистранттар Иманкулова Нурхат, Осмоналиева Айгиза, Касымбек кызы Тинатин жана Сотовалдиева Светлана 2021-жылы АлтМУга "Чет өлкөлүк аймак таануу: заманбап арт-практикадагы түрк-монгол дүйнөсүнүн этникасы" багыты боюнча магистратурага тапшырып, 2024-жылдын 20-февралында онлайн форматта магистрдик диссертацияларын ийгиликтүү коргогон.

Иш-чарада ректор Айгүл Абдраева кош дипломдуулук боюнча билим берүү жана дипломдорду тапшыруу И.Арабаев атындагы КМУ менен Алтай мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

Ошондой эле, АлтМУ менен И.Арабаев атындагы КМУнун ортосунда мындан ары да билим берүү, илим тармагы боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.