Blog Image

КМУда кошумча билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү боюнча конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Республикалык экология, туризм жана аймак таануу боюнча балдар-өспүрүмдөр борборунун директору Бийик Рыскулов конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана анын бүгүнкү коомдогу мааниси тууралуу маалымат берилип, кошумча билим берүүнүн негизги багыттары – туризм, экология, аймак таануу, искусство, спорт, техникалык чыгармачылык жана лидерлик көндүмдөрү боюна маселелер кеңири талкууланды.

Семинардын максаты – студенттерде кошумча билим берүүнүн артыкчылыктары боюнча түшүнүк калыптандыруу, аларды жаңы идеяларга шыктандыруу жана балдар менен жаштарга багытталган инновациялык иш-аракеттерге тартуу.

Позвонить