Blog Image

КМУда КР ИИМдин Республикалык окуу борборунун окутуучулары жана студенттери үчүн уюштурулган «Ааламдашуу доорундагы азыркы кыргыз тили» аталышында семинар өттү

Бүгүн, 21-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институту Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунун окутуучулары жана студенттери үчүн уюштурулган «Ааламдашуу доорундагы азыркы кыргыз тили» аталышында семинар өттү. Семинарга Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун окутуучулары, мектептердин мугалимдери, студенттер катышты.

Семинардын максаты: 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жарлыгын ишке ашыруу максатында эпикалык мурастарды жайылтууга, студенттерди мекенчилдикке тарбиялоого ийгиликтүү иш аракеттерди жүргүзүү.

Бүгүнкү семинар азыркы учурдагы улуттук баалуулуктарыбыздын, тилибиздин баркы, наркы тууралуу ой бөлүшүүгө абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Ааламдашуу доорунда азыркы кыргыз тилинин абалы тууралуу абдан маанилүү сөз болду.

Ethnologue дүйнөдөгү тилдердин маалымдамасынын 2024-жылкы изилдөөсүнө ылайык жер жүзүндө 7164 тил бар. Анын ичинде кыргыз тили туруктуу өнүгүп жаткан тил катары 172 орунда турат. Бул мамлекеттик тилди окуп үйрөнүүгө кызыккан адамдардын саны артып жатканынан кабар берет. Ага далил, 2022-жылкы Эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, кыргыз жарандарынын 76% - эркин, 11% - жакшы деңгээлде мамлекеттик тилде сүйлөй турганын билдирген.

Семинар И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулган.