КМУда КРнын Агартуу министрлигинин 2024–2025-окуу жылын жыйынтыктоо иш-чарасы өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2024–2025-окуу жылын жыйынтыктоо иш-чарасы өттү. Министрлик бул окуу жылы “Алтын Казык” билим берүү системасын трансформациялоонун маанилүү этабы болгонун баса белгиледи. Аталган программа окутуунун сапатын жогорулатууга, окуу программаларын модернизациялоого, заманбап технологияларды киргизүүгө жана мектеп инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
2025/2026-окуу жылынан тарта өлкө мектептеринде 12 жылдык билим берүү системасына өтүү расмий башталат.
Негизги кадамдар:
- 6 жаштагы балдар (2019-ж.т.) 1-класска барышат;
- Мектепке даярдык көргөндөр түз эле 2-класска өтүшөт;
- 5 жана 7-класстар жаңы программалар жана окуу китептери менен билим алышат.
Маанилүү өзгөрүүлөр:
- Жаңы концепция, стандарттар жана программалар бекитилди;
- 53 миңге жакын мугалим кайра даярдоодон өттү;
- Билим берүү санариптешип, мектептерге жаңы сервистер жана ноутбуктар берилип жатат;
- Өлкө боюнча 500гө жакын билим берүү объектиси курулуп, жаңыланууда;
- 2025-жылы тармакка 68,8 млрд сом (ИДПнын 4,2%) бөлүнөт.