Blog Image

КМУда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Табигый-математикалык илимдери боюнча эксперттик кеңешинин жылдык отчеттук отуруму өттү

19-декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Табигый-математикалык илимдери боюнча эксперттик кеңешинин жылдык отчеттук отуруму өттү. Отурумдун күн тартибинде 2023-жылы мамлекеттик бюджеттен каржыланган 17 илимий долбоордун аткарылышы тууралуу отчет угулду.

КРнын ББИМ Табигый-математикалык илимдери боюнча эксперттик кеңешинин курамы: ф.-м.и.к., доцент Ж.Ы.Маматов – төрагасы, ф.-м.и.д., профессор А.К.Керимбеков – орун басары, х.и.д., профессор Р.К.Сарымзакова, т.и.д., профессор К.А.Алымбеков, геог.и.к. Э.Т.Токторалиев, т.и.д., профессор Талантбек Курманбек уулу, п.и.д., профессор М.Ж.Чоров.