Blog Image

КМУда КРнын эл акыны Бактыгүл Чотурованын “Сен менин жүрөгүмө жаз алып келдиң” адабий-музыкалык поэзия кечеси өттү

И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз Республикасынын эл акыны Бактыгүл Чотурованын “Сен менин жүрөгүмө жаз алып келдиң” адабий-музыкалык поэзия кечеси өттү.

Кеченин программасында баяндамалар, көркөм окуулар, пикир алышуулар, арноо ырлар жана музыкалык тыныгуулар орун алды.

Иш-чарага акын, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директорунун орун басары, профессор Аида Эгембердиева, Педагогика жана психология факультетинин деканы Гүлзат Казиева, композитор, КРнын эл артисти, Искусство жана дизайн факультетинин окутуучусу, профессор Атайбек Бөдөшев, Жазуучулар уюмунун алдындагы "Жаңы толкун" жана "Жаш калемгерлер" адабий ийримдеринин мүчөсү, Бишкек шаарындагы №21 атайын мектебинин мугалими, жаш акын Жанара Султанбек кызы, КМУнун Жаштар бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров, КМУнун Илимий китепканасынын директору Нурийла Давлетярова жана студенттер катышты.

Кече Педагогика жана психология институту, Искусство жана дизайн факультети жана “Жаш калемгерлер” ийрими тарабынан уюштурулган.