Blog Image

КМУда КРнын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү кампаниясынын алкагында иш-чара өттү

Бүгүн, 7-октябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 17-ноябрь күнү өтө турган Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү кампаниясынын алкагында иш-чара өттү.

Иш-чарага КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова, Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров, коомдук ишмер Алмаз Эшимбековдор катышты.

Катышуучулар “Катыш! Танда! Шайла!” кампаниясы тууралуу маалымат жана талкуу жүргүзүп, “Шайлоо тартиптери, катышуу жана талапкер болуу шарттары” жөнүндө сөз кылышты.

Ошону менен бирге, иш-чаранын өзөктүү маселеси болуп “Шайлоого катышуу – жарандык милдет” аталышында ой бөлүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Kahoot суроо-жооп камтыган викторина ойнотулду. Оюндун активдүү катышуучуларына белектер тапшырылды.