КМУда курам жетекчилердин орун басарлары менен жыйын өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы институттардын директорлорунун жана факультеттердин декандарынын орун басарлары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө куратордук сааттардын уюштурулушу жана мазмуну, ошондой эле студенттер менен жүргүзүлүп жаткан тарбиялык иштер боюнча маалыматтар берилди.
Бул иш-чаранын негизги максаты — окуу жана тарбиялык иштерди натыйжалуу координациялоо жана алардын сапатын жогорулатуу болуп саналат.





