Blog Image

КМУда курамдар аралык блиц-турнир жыйынтыкталды

И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук – окутуучулар менен кызматкерлердин арасында, спорттун волейбол түрү боюнча курамдар аралык блиц-турнири болуп өттү. Анда 1-орунду Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту алды. 2-орунду Искусство жана дизайн факультети багындырды. 3-орунга болсо Гуманитардык-педагогикалык колледж жетти. Оюндун жыйынтыгында Турумбекова Айдай, Бөрүбай кызы Венера, Мамытова Айзад мыкты оюнчу аталышы. Жеңүүчүлөргө университеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Мамлекеттик тил, жаштар жана спорт иштери боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Дене тарбия факультетинин деканы Каныбек Сарымсаковдор белектерди тапшырышты. Блиц-турнирге жалпы 16 команда катышты.