Blog Image

КМУда курамдар аралык "Чыңгыз Айтматовдун ааламына сапар" деген темада сынак өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде курамдар аралык "Чыңгыз Айтматовдун ааламына сапар" деген темада сынак өтүүдө.

Сынак студенттердин адабий чыгармаларга болгон кызыгуусун арттыруу, китеп окуу жөндөмүн өнүктүрүү жана демилгелүү жаштарды колдоо максатын көздөйт.

Иш-чара "Кыргыз тили жана Айтматов ааламы" аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Сынакта бардык курамдар катышып, Айтматовдун чыгармаларын театрлаштырып сахнага алып чыгышат.