КМУда “Курт-кумурскалар – адамдын жана жаныбарлардын ооруларын ташыгычтар жана мителери” аталышында лекция өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунда проф. М. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти Айгүл Абдыкапарова “Курт-кумурскалар – адамдын жана жаныбарлардын ооруларын ташыгычтар жана мителери” аталышында лекция өттү.
Иш-чара табият таануу жумалыгынын алкагында өтүп, Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Лекциянын жүрүшүндө:
- Курт-кумурскалардын биологиялык өзгөчөлүктөрү;
- Ооруну ташыган негизги мителер;
- Курт-кумурскалар аркылуу жугуучу оорулардын классификациясы;
- Таралышынын экологиялык факторлору;
Иш-чаранын максаты: студенттерге курт-кумурскалардын түрлөрүн, алардын адам жана жаныбарлардын ден соолугуна тийгизген таасирлери, ооруларды ташыган курт-кумурскалар, алардын таралуу жолдору жана алдын алуу чаралары тууралуу кеңири маалымат берүү.
Бул иш-чара биология жана экология тармагында билим алып жаткан жаш адистердин профессионалдык даярдыгын жогорулатууга чоң өбөлгө болот.