КМУда квалификацияны жогорулатуу курсу ийгиликтүү аяктады
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде угуу жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү багытында квалификацияны жогорулатуу курсунун бүтүрүүчүлөрүнө расмий түрдө күбөлүктөр тапшырылды.
Иш-чара КМУ менен Угууну калыбына келтирүү боюнча адистердин Эл аралык Ассоциациясы менен түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында уюштурулуп, ага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана курстун бүтүрүүчүлөрү катышты.
Бул үч айлык (144 саат) окуу курсу 2024-жылдын 10-сентябрынан 20-декабрына чейин өткөрүлүп, Германиянын Lehnnhardt фонду жана KIND Hörstiftung гранттык программасынын колдоосу менен уюштурулган.