Blog Image

КМУда “Квази сызыктуу дифференциалдык теңдемелердин мезгилдик чыгарылышын Галёркиндин методу менен изилдөө” темасында семинар өттү

12-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Физика-математика факультетинин Математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасында физика-математика илимдеринин доктору, профессор Асангул Алымбаев “Квази сызыктуу дифференциалдык теңдемелердин мезгилдик чыгарылышын Галёркиндин методу менен изилдөө” аталышында лекция өттү. Лекцияга математика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышты. Лекциянын жүрүшүндө, профессор Асангул Алымбаев катышуучулардын тема боюнча берген суроолоруна жооп берди.