Blog Image

КМУда «Кылым карыткан Кыргызстандын китепканаларынын тарыхый башаты» аталышындагы Республикалык илимий-практикалык конференция ѳтүүдө

6-декабрь күнү И.Арабаев атындагы КМУда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин негизделишинин 80 жылдыгына арналган «Кылым карыткан Кыргызстандын китепканаларынын тарыхый башаты» аталышындагы Республикалык илимий-практикалык конференция ѳтүүдө.

Конференцияга И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Гульнара Усенгазиева, Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепкана тармагынын директору Күлсайра Дандыбаева, республикабыздын ири китепканаларынын жетекчилери жана ѳлкѳбүздүн бардык аймактарынан ѳкүлдѳр катышууда.

Кыргызстандын китепканалары ѳлкѳбүздүн мамлекеттүүлүгүн калыптандырууга зор салым кошуп жана элибиздин тарыхында, маданий турмушунда ѳзгѳчѳ орунду ээлейт. Алар кылымга тете кыйыр жолду басып ѳтүүдѳ биринчи маданий агартуу мекемелер катары прогрессивдуу ѳсүшүнѳ ѳбѳлгѳ түзүшкѳн. Тактап айтканда, XIX к. 70-жылдардын башында Түркстан крайында, анын ичинде кыргыздар жашаган аймактарда биринчи калк китепканалары ачыла баштаган. Алгачкы китепкана 1870-ж. Токмок шаарында, 1902-ж. 14-майда Каракол шаарында элдик китепкана ачылган.

Кыргыз жергесинде ѳзгѳчѳ Улуу Октябрь революциясынан кийин, совет ѳкмѳтү орногон мезгилден баштап мектептер, китепканалар уюштурулуп, алардын бирден бир милдети болуп калктын сабатсыздыгын жоюу максаты коюлган. Мына ушул жылдары «Сабатсыздык жоюлсун» деген ураандын алкагында китепканалардын үлгүсү болгон кызыл үйлѳр, кызыл бурчтар, кызыл боз үйлѳр ачыла баштаган. Пржевальский уездинде 1920-жылы 29 окуу үйлѳрү уюштурулган, ал эми 1924-жылы Кыргызстандын аймагында ачылган китепканалардын саны 44кѳ жетип, китеп фонду 54миӊ китепти түзгѳн. 1934-жылы биринчи жолу Республикалык китепкана (азыркы Улуттук китепкана), 1943-жылы КР Илимдер Академиясынын китепканасы ачылган. Китепканалар бүгүнкү күндѳ да элге кызмат кѳрсѳтүүдѳ.

Учурда, мамлекетибизде коомдук китепканалардын саны 1000ден ашты. Ошону менен катар Кыргызстанда 66 – жогорку окуу жайлардын, 100дѳн ашык – орто окуу жайлардын, 2000ден ашык – мектептердин китепканалары калкыбызга кызмат кылууда.

Иш-чара М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту жана илимий китепкана тарабынан уюштурулду.