КМУда “Кылым кыйыры” архивдик фото-моно материалдар көргөзмөсү өттү
Бүгүн, 30-октябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Кылым кыйыры” архивдик фото-моно материалдар көргөзмөсү өттү. Көргөзмөгө М.Р.Рахимова атындагы Кесиптик кошумча билим берүү институтунун магистранттары катышты. Иш-чара И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий долбоорунун алкагында өткөрүлүп, өлкөнүн тарыхын, маданиятын жана архивдик мурастарын чагылдырган материалдар көрсөтүлдү.
Ошондой эле, магистранттардын илимий-изилдөө темалары жана жетекчилери расмий бекитилип, изилдөө иштерин жүргүзүү пландары талкууланды. “Кылым кыйыры” көргөзмөсү алардын тарыхый билимдерин кеңейтип, Кыргызстандын өнүгүү жолундагы маанилүү учурлар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.