КМУда кыргыз акыны Ш.Келдибекованын “Күүмүн, бирок комуз менен чертилбейм...” аталышындагы эскерүү кечеси жана жаңы китебинин бет ачары өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кыргыздын көрүнүктүү акын кызы Шербет Келдибекованын “Күүмүн, бирок комуз менен чертилбейм...” аталышындагы эскерүү кечеси жана “Кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз” жаңы китебинин бет ачары өттү. Жаңы чыгармалар жыйнагына мурдагы китептеринен тандалып алынган ырлары менен котормолору жана мурда кирбей калган ырлары, котормолору, аңгемелери да кирди.
Иш-чарага КМУнун мамлекеттиик тил жана маданият институтунун директорунун орун басары, филология илимдеринин доктору, профессор Аида Эгембердиева, кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова, публицист, адабият сынчысы Бекташ Шамшиев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург, котормочу Абибилла Пазылов, публицист, адабиятчы Абдил Шерматов, жазуучу, публицист Олжобай Шакир, ошондой эле кесиптештери жана туугандары катышты.
Иш-чарада акын Шербет Келдибекова жөнүндө тартылган тасмадан үзүндү көрсөтүлду.
Калемдештери акындын чыгармачылыгына жогору баа берип, орус жана дүйнөлүк поэзияда анын өзгөчөлөнгөн орду бар экендигин белгилеп өтүштү. Шербет Келдибекованын ырларынан окуп, андагы учкай фразаларды, калың элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп аткарылып жүргөн обондуу ырларын эскеришти.
Ш.Келдибекованын поэзиясына көбүнесе басмырттык, оор басырыктык мүнөздүү экенин окумуштуу Аида Эгембердиева белгилеп, анын эң алгачкы ырларынан тартып эле ал жеңил учма сезимдердин эмес, ойдун акыны экендигин айтты.
Акындын «Чырагдан» (1976), «Ата-журтум сыймыгым» (1979), «Терезелер» (1983), «Сен, жарыгым» (1988), «Сокур кыякчы», «Кербен» (2005) аттуу китептери жарык көргөн.
Калемдештери Шербет Келдибекованын чыгармачылыгына өмүрлүк жолдошу, акын, публицист, котормочу Алым Токтомушевди дагы эскерүүлөрүндө анын түз жана кыйыр таасирин белгилешти. Куштун эки канатындай эки акын кыргыз поэзиясынын асманында кыргыз тилинин кооздугун, көркөмдүгүн, ажары ого бетер ачып, такыр башка өңүн көргөзө алышты.
Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.