КМУда кыргыз эл акыны Алыкул Осмоновдун 110 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү
Бүгүн, 18-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде улуу кыргыз эл акыны Алыкул Осмоновдун 110 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү.
Иш-чарага КР эмгек сиңирген артисти, кино жана театр актеру Чыңгыз Мамаев жана “Жеткинчек” журналынын жооптуу катчысы Чынара Абдраева, КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Кечеде акын Алыкул Осмоновдун өмүрү менен чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар берилип, актер Чыңгыз Мамаев “Мезгил жана Алыкул” кинотасмасындагы башкы каармандын образын жаратуудагы өз тажрыйбасын айтып, анын чыгармачылыгына тийгизген таасири жөнүндө ой бөлүштү. Ошондой эле, Алыкул Осмоновдун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары аткарылды.
Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасы тарабынан уюштурулду.