Blog Image

КМУда «Кыргыз хор искусствосу жана хормейстер Болот Малдыбаев» аталышында иш-чара өтүүдө

Бүгүн, 30-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, хормейстер Болот Малдыбаевдин 90 жылдык юбилейине арналган «Кыргыз хор искусствосу жана хормейстер Болот Малдыбаев» аталышында иш-чара өтүүдө.

Иш-чара «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун ишке ашыруу максатында уюштурулуп, ага КРнын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Самат Абдраимов, КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Турдубек Чокиев, КРнын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Тимур Саламатов, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Улуттук маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору Кубатбек Жакыпов, КРнын эл артисти Атайбек Бөдөшов, КРнын эл артисти, профессор Кулбара Маматова, И. Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Тыныбек Рысманов, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Болот Малдыбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Иш-чаранын максаты: кыргыз хор искусствосунун өнүгүүсүн талдоо, кыргыз хор искусствосунун тарыхый өнүгүүсүн жана учурдагы абалын талдап, анын улуттук маданияттагы ордун аныктоо.

Искусство жана дизайн факультетинин Музыка кафедрасы тарабынан уюштурулду.