КМУда «Кыргыз хор искусствосу жана хормейстер Болот Малдыбаев» аталышында иш-чара өттү
Бүгүн, 30-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, хормейстер Болот Малдыбаевдин 90 жылдык юбилейине арналган «Кыргыз хор искусствосу жана хормейстер Болот Малдыбаев» аталышында иш-чара өттү.
Иш-чара «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун ишке ашыруу максатында уюштурулуп, ага КРнын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Самат Абдраимов, КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Турдубек Чокиев, КРнын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Тимур Саламатов, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Улуттук маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору Кубатбек Жакыпов, КРнын эл артисти Атайбек Бөдөшов, КРнын эл артисти, профессор Кулбара Маматова, И. Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Тыныбек Рысманов, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Болот Малдыбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, "И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эмгек сиңирген ишмери" төш белгиси тапшырылды.
Иш-чаранын максаты: кыргыз хор искусствосунун өнүгүүсүн талдоо, кыргыз хор искусствосунун тарыхый өнүгүүсүн жана учурдагы абалын талдап, анын улуттук маданияттагы ордун аныктоо.
Иш-чаранын алкагында КМУнун ИДФнын деканы, КР эл артисти, Кадыралы Артыков “Болот Малдыбаев хормейстер-педагог!”, КРнын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Тимур Саламатов “Болот Малдыбаевдин хор үчүн иштеп чыккан чыгармалары”, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Улуттук маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору “Болот Малдыбаев музыкалык билим берүүдөгү орду”, КРнын эл артисти Атайбек Бөдөшов “Б. Малдыбаевдин чыгармачылык жолу”, КРнын эл артисти, профессор Гүлбара Маматова “Б. Малдыбаевдин шыгыр чыгармалары”, “Данк” медалынын ээси, И. Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Тыныбек Рысманов “Ата жолун жолдогон музыкасы”, И. Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Осипа Кадырова “Эстетикалык тарбия берүүчү хордук чыгармалар” аталышында баяндама жасады.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.