Blog Image

КМУда “Кыргыз коомундагы укуктар, адеп-ахлак жана жарандык – Кыргыз Республикасындагы заманбап билим берүүнүн негизи” аталышында тегерек стол өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргыз коомундагы укуктар, адеп-ахлак жана жарандык – Кыргыз Республикасындагы заманбап билим берүүнүн негизи” аталышында тегерек стол өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу жана 5-апрель Эл аралык адамгерчилик, ыйман, адеп-ахлак күнүн белгилөөгө арналды. Иш-чарага КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы ТСУББИнин философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасын профессордук-окутуучулар курамы, атайын чакырылган коноктор, аспиранттар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аталган кафедранын доценти, философия илимдеринин кандидаты Каниметов Э.Ж. “Билим берүү стандарттарын жана окуу программаларын жаңыртуу шартында укук таануу, этномаданий жана руханий-адептик окуу-тарбия иштеринин проблемалары” темасында, кафедра башчысы, философия илимдеринин кандидаты Кочкорова Д.А. “Адам укуктары жана улуттук салт-санаа: баалуулуктардын айкалышы" темасында баяндама жасашты. Талкуунун жүрүшүндө кафедранын профессору К. Сариева, доцент Дж.С. Арзыматов, окутуучулар А.Т. Абдылдаева, М. Эркинбек кызы чыгып сүйлөштү. Тегерек столдо өсүп келе жаткан муундун дүйнө карашын калыптоодогу салттык билимдердин орду, кыргыз коомундагы укуктар, адеп-ахлак жана жарандык маселелери талкууланып, заманбап билим берүү процессиндеги колдонуу чөйрөлөрү менен механизмдери жөнүндө сунуштар берилди.

Иш-чара КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан уюштурулду.