КМУда “Кыргыз кызы кандай болуш керек?” аталышында конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Педагогика жана психология институтунун мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Н.Абдраева жана Искусство жана дизайн факультетинин костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилик, текстиль кафедрасынын башчысынын м.а. Н.Касыгулова "Кыргыз кызы кандай болуш керек?" аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Конок-лекциянын жүрүшүндө кыргыз кызынын негизги 7 асыл сапаттары белгиленди:
1. Маданияттуу жана тарбиялуу.
2. Сүйүктүү жана боорукер.
3. Ыймандуу жана адилеттүү.
4. Күчтүү жана бекем.
5. Үй-бүлөсүн сүйгөн жана сыйлаган.
6. Өзүн-өзү урматтап, кам көргөн.
7. Үйдө жана коомдо жоопкерчиликтүү.
Бул иш-чара студенттерге кыргыз кызындагы асыл сапаттарды түшүнүүгө жана аларды өз турмушунда колдонууну өнүктүрүүгө шарт түздү.