Blog Image

КМУда “Кыргыз маданиятынын булактары жана өнүгүү тенденциялары” аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 25-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Саветбек Абдрасулов “Кыргыз маданиятынын булактары жана өнүгүү тенденциялары” аталышында конок-лекция өттү. 
Лекциянын жүрүшүндө кыргыз маданиятынын өнүгүү тарыхы, анын баалуулуктары жана азыркы ааламдашуу шарттарында улуттук кайра жаралууга жана иденттүүлүккө тийгизген таасири тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, кыргыз маданиятындагы нарк маселелерине жана алардын азыркы кыргыз коомунда колдонулушуна байланыштуу көз караштар менен бөлүштү. 
Иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан уюштурулду.