Blog Image

КМУда “Кыргыз мамлекеттүүлүгү: тарыхтагы урунттуу учурлар” аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында “Кыргыз мамлекеттүүлүгү: тарыхтагы урунттуу учурлар” аталышында конок-лекция уюштурулду. Иш-чараны ачып берүү үчүн И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева сөз сүйлөп, жаштарга билим, тарбия берүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, мамлекеттик программаларды ишке ашырууда мындай конок-лекциялардын ордун баса белгиледи. Лекциянын коногу кыргыз таануучу, көп кырдуу инсан, “Бакдөөлөт” фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев болду. Иш-чарага жогорку окуу жайларынын окутуучулары, магистранттары, студенттери жана мектеп мугалимдери катышып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхтагы урунтуу учурлары, өзгөчө байыркы мезгилден бери келе жаткан мамлекеттик башкаруу, элдик бийлик, салт, нарк боюнча кенен маалымат алышты. И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева "Бакдөөлөт" фондунун жетекчиси Мелис Мураталиевге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, институттун окутуучулары “Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхын”, Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналган темаларды, мектеп окуучуларына өтүү боюнча семинар өтүштү. Ал эми И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Ч.Койчуманова иш-чарага катышкан мектеп мугалимдерине институттун атынан атайын сертификаттарды тапшырды.