КМУда "Кыргыз наркы Манаста" аттуу иш-чара өтүүдө
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасында "Кыргыз наркы Манаста" аттуу иш-чара өтүүдө. Ага окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов, Кыргыз улуттук “Манас” академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев катышууда.