Blog Image

КМУда "Кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмонов" аттуу адабий кече өттү

27-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинде КМУнун 80 жылдыгына жана кыргыз акыны А.Осмоновдун 110 жылдыгына арналган адабий кече болуп өттү. 2-курстун студенттери презентация даярдап, анда акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтылып, улуу кыргыз акыны А.Осмонов тууралуу тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле акындын чыгармаларын билүү боюнча викторина өткөрүштү. Студенттер акындын ырларын окуп, сахналаштырган оюн көрсөтүштү.

Адабий кече Орус филологиясы факультети тарабынан уюштурулду.