КМУда “Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө” аталышында иш-чара өттү
Бүгүн, 11-март күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө” аталышында иш-чара өттү.
Иш-чарага КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова жана студенттер катышты.
Иш-чаранын максаты: студенттерге өлкөдө иштөөчү милдеттүү медициналык камсыздандыруунун негизги принциптери жана укуктары жөнүндө маалымдоо.
Иш-чаранын жүрүшүндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун врач-эксперти Гульмира Асанбекова милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин тариздөө жана берүү боюнча процесстерди түшүндүрдү. Ошондой эле, төлөмдөрдү кантип жүргүзүү, камсыздандырылган жарандар медициналык кызматтарды кантип алса болот жана пландуу ооруканага жаткыруу учурундагы процедуралар боюнча маалымат берди.