Blog Image

КМУда «Кыргыз Республикасындагы АИВ-инфекциясы жөнүндө кыскача маалымат» аталышында семинар-тренинг өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк КИЖС - менен күрөшүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасындагы АИВ-инфекциясы жөнүндө кыскача маалымат» аталышында семинар-тренинг өттү.

Иш-чарага Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гүльназ Жалилова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык «Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (АИВ)» борборунун диспансер бɵлүмүнүн врачы Баккелди Жумабеков, борбордун эпидемиолог врачы Эльнура Чаткалбева жана эпидемиолог Аскар Тажыкановдор тарабынан КИЖСтин (Кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому) алдын алуу жолдору жана АИВ-инфекциясы тууралуу маалыматтар берилди.

Семинар-тренингдин негизги максаты – студенттердин жана коомчулуктун АИВ-инфекциясы жана анын алдын алуу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу.

Иш-чара Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.