Blog Image

КМУда «Кыргыз Республикасындагы АИВ-инфекциясы жөнүндө кыскача маалымат» аттуу илимий методикалык семинар өтүүдө

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата «Кыргыз республикасындагы АИВ-инфекциясы жөнүндө кыскача маалымат» аттуу илимий методикалык семинар өтүп жатат. Ага аталган иституттун директору Мирлан Дылдаев, окутуучулары жана студенттер катышты. Семинарга Республикалык «Адамдын Иммуножетишсиздик Вирус (АИВ)» борборунун диспансер бɵлүмүнүн врачы Баккелди Жумабеков, «Адамдын Иммуножетишсиздик Вирус (АИВ)» борборунун эпидемиолог врачы Эльнура Чаткалбева жана башка дарыгерлер чакырылган.