КМУда “Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоонун укуктук режими” аталышында конок-лекция өттү
Бүгүн, 8-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоонун укуктук режими» аталышында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев, Депозиттерди коргоо фондунун башкаруу секторунун башкы адиси Айдай Бейшенова, Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин юридикалык секторунун башкы адиси Талантбек Сыдыгалиев конок-лекция өттү.
Лекциянын негизги максаты – студенттерге Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоо системасы жана финансылык сабаттуулук боюнча маалымат берүү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер депозиттерди коргоо системасы боюнча тереңирээк түшүнүп, суроолорго жооп алышты.
Иш-чара Э. Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Мамлекет жана укук теориясы кафедрасы тарабынан уюштурулган.