КМУда "Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү И .Арабаевдин салымы" аталышында кереге кеңеш өтүүдө
Бүгүн, 5-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы КМУда Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган «Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү И.Арабаевдин салымы" аталышында кереге кеңеш өтүүдө.
Иш-чараны филология илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Арабаевтаануу борборунун жетекчиси С.Ж.Мусаев модераторлукту аркалады.
Кереге кенештин максаты – Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү И.Арабаевдин салымын ачыктоо, И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналып өткөрүлгөн конференцияда кабыл алынган резолюциянын аткарылышын тактоо.
Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Арабаевтаануу борборунун кызматкери А. К. Кубатова, Педагогика кафедрасынын башчысы М.М.Эсенгулова, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Д.Сапаралиев, педагогика илимдеринин доктору А.Акунова катышууда.