Blog Image

КМУда кыргыз тили, адабияты мугалимдери жана окутуучулары үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу өз ишин баштады

12-июнь күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту менен "Таалим" билим берүү академиясы биргелешип уюштурган кыргыз тили, адабияты мугалимдери жана окутуучулары үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу өз ишин баштады.  Курстун тренерлери Жеңишбек Абдиназаров  жана Гүлзада Осокеева. Курска КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессордук-окутуучулук курамы жана облустардан келген мугалимдер катышууда. Анда окутуунун жаңы ыкмалары, STEAM, STEM, PISA жөнүндө кеңири маалымат берилип, тил, адабият сабагын өтүүдө колдонуунун жолдору көрсөтүлүүдө.