Blog Image

КМУда “Кыргыз жазуусунун тарыхы” аталышында конок-лекция өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган үч айлыктын алкагында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Гүлжамал Жаманкулова “Кыргыз жазуусунун тарыхы” аталышында конок-лекция өттү.

Конок-лекциянын жүрүшүндө кыргыз элинин жазуу маданиятынын өнүгүү тарыхы, анын түрлөрү жана баскычтары, Орхон-Енисей жазуулары тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чара КМУнун мамлекеттик тил жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.