Blog Image

КМУда "Кыргыз журналистикасынын тарыхы жана келечеги" аталышында кеңешме өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Журналистика бөлүмүнүн магистранттары "Кыргыз журналистикасынын тарыхы жана келечеги" аталышында кеңешме өткөрдү. Ага филология илимдеринин кандидаттары Аниса Бөрүбаева,  Шарапат Искендерова, Айнура Кабатай кызы, Улук Жапаракунов жана Журналистика бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова катышты. Аталган кеңешмеде Кыргыз журналистикасынын келечеги, өнүгүү жолдору талкууланды.