Blog Image

КМУда “Кыргызча оңой” кыргыз тилин өз алдынча жана интерактивдүү үйрөнүү үчүн иштелип чыккан мобилдик тиркеменин таанытымына арналган семинар-тренинг өттү

Бүгун, 11-октябрь күну, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргызча оңой” (“Easy Kyrgyz”) кыргыз тилин өз алдынча жана интерактивдүү үйрөнүү үчүн иштелип чыккан мобилдик тиркеменин таанытымына арналган семинар-тренинг өттү.

Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту менен Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Эркин өнөр жана илимдер факультетинин ортосунда академиялык тажрыйба алмашуунун алкагында уюштурулган.

Семинар-тренингде Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.д., профессор Самат Жумалиев жана БААУнун Эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы Данияр Карабаев “Кыргызча оңой” кыргыз тилин өз алдынча жана интерактивдүү үйрөнүү үчүн иштелип чыккан мобилдик тиркеме тууралуу кеңири токтолушту.

Семинарда материалды тез өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн презентациялар орун алды.