Blog Image

КМУда Кыргызпатенттин адиси Кутман Шейшеналиев “Кыргыз Республикасындагы инновациялык ишмердүүлүктүн вектору” деген темада конок лекция өттү

20-ноябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргызпатенттин адиси Кутман Шейшеналиев  Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун  1-2-курстарынын студенттери менен магистранттарына “Кыргыз Республикасындагы инновациялык ишмердүүлүктүн вектору” деген темада конок лекция өттү.

Лекцияда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү жана кайсы багытта кандай иштерди алып барып жатканы тууралуу сөз болуп, стартаперлерди колдоо менен алгылыктуу иштерди аткаруу керектиги айтылды. Жыйынтыгында, студенттер өздөрү кызыккан суроолоруна жооп алышты. Ал эми лекцияга активдүү катышкан студенттерге  “Кыргыз Республикасынын ойлоп табуучулары жана натыйжалуу жаңычылдары” аттуу 3 китеп белеке берилди.