КМУда “Кыргызстан аялдар кыймылынын 100 жылдыгынын алдында аялдардын мааниси” аталышында кереге отурум өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Биологдор күнүнө карата «Кыргызстан аялдар кыймылынын 100 жылдыгынын алдында аялдардын мааниси» аталышында кереге отурум өттү.
Иш-чарага КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гүлназ Жалилова, Бишкектеги Орхус борборунун жетекчеси Адил Нурбеков, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Кереге отурумдун жүрүшүндө аялдардын коомдогу ролу, алардын укуктарын камсыз кылуу жана коомдук турмушка активдүү тартуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле, эксперт Бактыгуль Исламбекова «Кыргызстандын аялдар кыймылынын түзүлүшүнүн негизги жыйынтыктары» , Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти б.и.к. Чынара Давлетова “STEM билим берүү” аталышында баяндама жасады.
Иш-чаранын негизги максаты: аялдардын Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон тарыхый жана учурдагы салымын баалоо, аялдар кыймылынын тарыхый өнүгүү этаптарын талкуулоо, гендердик теңчиликтеги жетишкендиктерди белгилөө жана учурдагы көйгөйлөр менен аларды чечүүнүн жолдорун изилдөө.
Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы жана Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси жана Бишкектеги Орхус борбору тарабынан уюштурулду.