КМУда «Кыргызстан жана Россия Федерациясында инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги, тажрыйба алмашуу» аталышында тегерек стол өттү
Бүгүн, 7-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Кыргызстан жана Россия Федерациясында инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги, тажрыйба алмашуу» аталышында тегерек стол өттү. Иш-чарага Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, профессордук-окутуучулар курамы жана Россиядан келген эксперттер катышып, инклюзивдүү билим берүү жаатындагы актуалдуу маселелерди, анын өнүгүү багыттарын жана заманбап чечүү жолдорун талкуулашты.
Тегерек столдун жүрүшүндө доцент Замира Жапарова мугалимдерди даярдоодогу көйгөйлөр жана кафедраны өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу, Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы «Динамика» борборунун өкүлдөрү Сания Поршнева жана Елена Истомина инклюзивдүү билим берүүнү ишке ашыруу боюнча, окутуучу Джамиля Дунганова инклюзивдүү билим берүүнү жайылтуудагы кыйынчылыктар жана аларды жеңүү жолдору тууралуу маалымат берди.
Мындан сырткары, логопед Анна Балякова альтернативдүү байланыш ыкмаларына арналган мастер-класс өттү.
«Кыргызстан жана Россия Федерациясында инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги, тажрыйба алмашуу» аталышында тегерек стол Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду.