Blog Image

КМУда «Кыргызстанда айымдардын коомдогу орду» аталышында конкурс өттү

6-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту, Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Кыргызстанда айымдардын коомдогу орду» аталышында кураторлор арасында конкурс өткөрдү. Иш-чарага институттун кураторлору жана студенттери катышты. Конкурс 5 критерий менен каралды. Алар, окуудагы жетишкендиктери, студенттердин сабактарга катышуусу, контракттык төлөм, доклад окуу, сахналаштырылган оюн көрсөтүү.

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова конкурстун максаты, студенттерди илимге жана тарбиялык ишке тартуу жана кураторлордун студенттер менен тыгыз иш алып баруусун күчөтүү экенин белгиледи.

Калыстар, И.Арабаев атындагы КМУнун профсоюзунун төрагасы Назар Догдурбек, Жаштар жана социалдык-маданий бөлүмдүн башчысы Азамат Айдаров, “Кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы” кафедрасынын башчысы Райхан Абдуллаева, “Жалпы тарых жана СЭУБ” кафедрасынын доценти Гүлнара Курумбаева.

Конкурстун жыйынтыгы менен I орунду Нурпайис Баястанов, II орунду Жаңыл Абдыраева, III орунду Гүлнура Карыбекова ээледи. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар, баалуу белектер жана “Мыкты куратор” деген диплом тапшырылды. Ал эми жеңүүчү командалар китептер менен сыйланды.