Blog Image

КМУда «Кыргызстандагы диний кырдаал, агымдар жана радикализмдин экстремизмдин алдын алуу аракеттери» темасында конок-лекциясын өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучуларына жана студенттерине Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын полковниги Раатбек Турусбеков «Кыргызстандагы диний кырдаал, агымдар жана радикализмдин экстремизмдин алдын алуу аракеттери» темасындагы конок-лекциясын өттү. Ага институттун директору У. Керимов, ОКББ бөлүмүнүн башчысы Н. Сейтказиева, тарбия иштери боюнча координатору Т.Ниязбеков жана кураторлор катышты. Лекциянын жүрүшүндө студенттер диний агымдар жана тыюу салынган экстремистик, террористик уюмдар боюнча маалымат алышты.