Blog Image

КМУда “Кыргызстандагы импакт-фактору жогорку илимий журналдар жана аларга макала чыгаруунун жол-жоболору” аттуу семинар болду

17-январда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулук курамына, магистранттарына Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын доцентинин м.а., тарых илимдеринин кандидаты Динара Молдокулова “Кыргызстандагы импакт-фактору жогорку илимий журналдар жана аларга макала чыгаруунун жол-жоболору” деген темада семинар өттү. Семинарда Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын илимий даражаларды, наамдарды алууда илимий макалаларга койгон талаптары, университеттин ага окутуучусу кызматына талапкерлерге коюлган талаптары, Кыргызстандагы УАКнын тизмесине кирген журналдар Кыргызстандагы коомдук жана гуманитардык багыттагы макалаларды жарыялоого мүмкүн болгон илимий журналдар тууралуу кеңири маалымат берилди.