Blog Image

КМУда “Кыргызстандын экономикалык жана социалдык географиясы” окуу китебинин авторлору УИТМЛнын окуучулары менен жолугушту

18-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунда  9-класстардын КРнын экономикалык жана социалдык географиясы окуу китебинин авторлору окуучулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулган декаданын алкагында  өтүп,  иш-чарага 9-класстар үчүн КРнын экономикалык жана социалдык географиясы окуу китебинин авторлору Дамира Солпуева, № 78  мектеп гимназиясынын директору, Мирлан Токтогулов, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин декандын орун басары  Октябрь Топбаев жана башкалар катышты.   Жолугушуунун жүрүшүндө География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы Дамира Солпуева профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык-технологиялык мектеп лицейинин 9-класстарынын окуучуларына «Кыргызстандын калкы жана чарбасы» аталышында практикалык сабак өттү.