Blog Image

КМУда “Кыргызстандын илимин жана билимин өнүктүрүү үчүн китепканаларды санариптик трансформациялоо” аталышындагы форум өттү

Бүгүн, 1-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргызстандын илимин жана билимин өнүктүрүү үчүн китепканаларды санариптик трансформациялоо” аталышында форум өттү. Бул форум “Ысык-Көл китепканалар жана коомду демократиялаштыруу” эл аралык конференциясынын алкагында өтүп, иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, IPR MEDIA компаниясынын башкы директору Сергей Иванов, IDlogic компаниясынын башкы директору Сергей Никулин жана КМШ өлкөлөрүнүн китепканаларынын, басмаканаларынын жетекчилери, маалыматтык технологиялар тармагындагы адистери, ошондой эле, билим берүү жана санариптештирүү министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Форумдун максаты – китепканалардын ишин заманбап технологиялар менен өркүндөтүү, колдонуучулардын керектөөлөрүн ишке ашыруу үчүн электрондук ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана санариптик трансформациялоо аркылуу маалыматтык-китепканалык инфраструктураны өнүктүрүү. Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы технологияларды колдонуу, китепканаларды санариптештирүү, китепкана кызматкерлеринин жаңы компетенцияларын өнүктүрүү маселелери каралды.

Форумдун катышуучулары китепканаларды санариптик трансформациялоо аркылуу билим берүү жана илимди колдоо боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бул багытта Кыргызстан үчүн актуалдуу маселелерди биргелешип талкуулады.

Конференция 5-октябрга чейин Чолпон-Ата шаарында уланат.