Blog Image

КМУда “Кыргызстандын илимин жана билимин өнүктүрүү үчүн китепканаларды санариптик трансформациялоо” аталышындагы форум өз ишин баштады

Бүгүн, 1-октябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргызстандын илимин жана билимин өнүктүрүү үчүн китепканаларды санариптик трансформациялоо” аталышындагы форум өз ишин баштады. Бул форум “Ысык-Көл-китепканалар жана коомду демократиялаштыруу” эл аралык конференциясынын алкагында өтүп, Кыргызстан жана башка чет өлкөлөрдөн келген китепканалардын, басмаканалардын жетекчилери, маалыматтык технологиялар тармагындагы адистер катышууда.

Форумдун максаты китепканалардын ишин заманбап технологиялар менен өркүндөтүү, колдонуучулардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн электрондук ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана санариптик трансформациялоо аркылуу маалыматтык-китепканалык инфраструктураны өнүктүрүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы технологияларды колдонуу, китепканаларды санариптештирүү, китепкана кызматкерлеринин жаңы компетенцияларын өнүктүрүү сыяктуу маанилүү маселелер талкууланууда.