Blog Image

КМУда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнө арналган иш-чара өттү

Бүгүн, 19-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн бири Абдыкадыр Орозбековдун тарыхый ордуна арналган “Мамлекеттүүлүктүн аталары” аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова, Абдыкадыр Орозбековдун небереси Юлдусхан Орозбекова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын максаты: кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн улуу инсандардын эмгегин коомчулукка таанытуу жана тарыхый мурасты иликтөө.

Илимий конференцияда “Кыргыз-совет мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү” аталышында баяндамалар жасалып, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевтердин тарыхтагы орду жана алардын мамлекет түптөөдөгү салымы кеңири талкууланды.

Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхын тереңирээк изилдөө жана улуттук аң-сезимди бекемдөө боюнча маанилүү кадам катары бааланды. Жыйынтыгында, уюштуруучулар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чараларды улантууга багытталган резолюция кабыл алышты.

Иш-чара Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун 2024-2025-жылга карата бекитилген илимий иш-чаралардын алкагында уюштурулду.