Blog Image

КМУда «Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн санариптик жана жашыл университеттер» аталышында семинар-тренинг өттү

Бүгүн, 14-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн санариптик жана жашыл университеттер» аталышында семинар-тренинг өттү.

Семинарга КМУнун окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гульназ Жалилова жана Маалыматтык технологиялар борборунун башчысы Жолдош Мокешов катышты. GREENKG долбоорунун координатору Жанара Байтуголова долбоордун негизги максаттары жана аны ишке ашыруу жолдору тууралуу баяндама жасап, долбоордун актуалдуу багыттарына токтолду.

Семинардын жүрүшүндө Табигый илимдер жана туризм институту менен Маалыматтык технологиялар борборунун долбоор алкагында аткарып жаткан иштери тууралуу кенен маалымат берилип, жашыл экономика боюнча окуу курсу иштелип чыккандыгы жана ал кийинки семестрде пилоттук негизде окутула турганы айтылды. Ошондой эле, бул курсту бардык адистиктерге киргизүү пландалууда.

Семинар аяктагандан кийин катышуучулар Табигый илимдер жана туризм институтунда жаңы ачылган Жашыл жана санарип кеңсеси менен таанышып, экология жана санариптик өнүгүү жаатында ишке ашырыла турган жаңы демилгелерди талкуулашты.